• Обучение

        •  

            ОКУУ СИСТЕМАСЫ

               Окуу ишмердиги Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин бекиткен окуу программасынын негизинде жүргүзүлөт.

               Мектептик компонент катары класстарга жараша англис тили, түрк тили, информатика, логика, сөз өстүрүү, китеп окуу, этюд(чыгармачылык сааты) ж.б. сабактары каралган.

            ОКУУ КҮНДӨРҮ

               Окуу жылы 1-сентябрь 25-май аралыгында, 4 чейректик, 5 күндүк окуу мөөнөтү менен жүргүзүлөт.

            КҮНДӨЛҮК РЕЖИМ

               Сабактар 9:00 башталып, 16:30 аяктайт. Эртең мененки жана түшкү тамак каралган. Негизги сабактар түшкө чейин окутулуп, түштөн кийин окуучулардын чыгармачылыгын өстүрүү максатында мектептин компоненти болгон сабактар, өз алдынча изденүүсү, математикалык эсеп жана  жазуу иштери үчүн этюддар, маданий эс алуу иш-чаралары, конкурстар, экскурсиялар жана ар кандай ийримдер уюштурулат.

             

          ЛИНЕЙКА 8:30
          КИТЕП ОКУУ 8:45
          1-САБАК 9:00-9:45
          ЧАЙ/ЭС АЛУУ

          9:45-10:00

          2-САБАК 10:00-10:45
          3-САБАК 10:50-11:35
          4-САБАК 11:40-12:25
          5-САБАК 12:30-13:15
          ТҮШКҮ ТАМАК/ЭС АЛУУ 13:15-14:05
          6-САБАК 14:05-14:55
          ЭТЮД (чыгармачылык саат) 14:55-15:40
          ИЙРИМДЕР 15:45-16:30

           

            МУЛЬТИМЕДИЯ СИСТЕМАСЫ

               Сабактардык кызыктуу жана эффективдүүлүгүн арттыруу максатында ар бир кабинетте класстык такта менен бирге  интерактивдүү такталар орнотулган.

               Мугалимдерибиздин маал-маалы менен кесиптик чеберчилигин, методикалык ишмердигин жана билимин жогорулатуу үчүн ар кандай семинарлар уюштурулат. Сабактарында интерактивдүү такта менен кошо слайт, видео роликтерди жана интернет булактарын активдүү колдонушат.

            ФОРМА жана ОКУУ КИТЕПТЕРИ

               Окуучуларга окуу жылынын башында мектеп тарабынан негизги китептер, кошумча колдонмо китептер жана дептерлер берилип, жыл аягында негизги китептер кайтарылып алынат.

               Окуучулар мектептерибизде бирдиктүү форма кийишет. Окуучуга мектепке алгач кабыл алынганда мектеп тарабынан окуу формасы берилет. Кийинки сапар муктаждык болгондо керектүү форманы ата-эне өзү камсыздайт.  

            ТРАНСПОРТ КЫЗМАТЫ

                Окуучуну мектепке жеткирип, кайра алып кетүү ата-эненин жоопкерчилигинде. Каалагандарга транспорттук кызмат көрсөтүүчү фирмалар иштейт. Алар менен макулдашуунун негизинде мүмкүнчүлүктөн пайдалансаңыз болот.

           

    • Контакты

      • Неполная общеобразовательная школа "Акылтай"
      • 📞+996 702 10 20 50 📞+996 558 10 20 50 ☎ 312 54 63 68
      • Бишкек шаары Тыныстанов көчөсү 2А Kyrgyzstan
      • instagram: @akyltai.school
      • Facebook: Начальная школа "Акылтай"
      • www.akyltai.kg
  • Фотогалерея

      еще нет данных для отображения